• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алыкул Осмоновдун үй музейи оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

4 Жетинин айы 202420:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 4-ноябрда Бишкекте жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй музейи толук оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды.

Иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова катышты.

Министрдин биринчи орун басары объектини оңдоп-түзөө иштерине салым кошкон Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкуловага ыраазычылык билдирди.

Учурда үй-музейде эки миңден ашык экспонат бар. Алардын арасында акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары да бар.

Эске салсак, буга чейин музей кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов өмүрүнүн акырына чейин жашап өткөн.

Алыкул Осмоновдун үй-музейин оңдоп-түзөө иштери Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан каржыланган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан да алгылыктуу иштер жасалды.

Аталган үй 1941-жылы курулган. Акын бул үйдү 1948-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, акыркы сапарга ушул үйдө узаган.


Количество просмотров: 142