Кечээ Бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Астанадагы Казанат ипподромунун жанында 10 гектар аянтта “Көшпенділер Әлемі” этно айылы ачылды.
Мындан ары ар бир күн бул этно айылда «Шаттык кербени» парады менен коштолуп, анда казак элинин бай тарыхын, салт-санаасы менен каадаларын даңазалоо менен ачылып турат.
Андан тышкары Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан күндөрү күнүгө саат 12ден 17ге чейин «»Думанды дала» аталышындагы концерттер «Өнөр ордосу» аттуу башкы сахнада өтүп, анда Казакстандын бардык аймактарынан келген өнөрпоздор өнөрлөрүн тартуулашат. Көбүнесе улуттук колориттеги өнөр көрсөтүлөт.
Кечки саат 18де «Улуу талаа үнү» аттуу чоң шоу концерт болуп, анда казак жана башка өлкөлөрдөн келген өнөрпоздордун таланты тартууланат.
Мындан тышкары «Чыгыш базары» уюштурулуп, анда казак улуттук ашканасынын даамдары коюлат. Ал эми «Чеберлер айылында» улуттук колориттеги түрдүү буюмдар жасалып, сатылат.
Казак жана башка элдердин төкмө акындары катышкан айтыш дагы өткөрүлөт. Ошондой эле «Балдар ааламы» аталган аймакта да жаш муундар үчүн улуттук баалуулуктарды таанытуучу атайын иш-чаралар өтүүсү күтүлүп жатат.
Бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн 2500дөн ашык спортчулар катышаары айтылып жатат.