• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бекешев Айтматовдун үй музейине көңүл бурууга чакырды

12 Бештин айы 2019 10:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталып, анда кандай маселелер боюнча жарыш сөз өтүп жатат.

Ал эми депутат Дастан Бекешев (КСДП) бүгүн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү экенин эске салып, анын үй музейине көңүл бурууга чакырды.

Анын ысымын көчөгө ыйгарып, айкел тургузуп, бирок тилекке каршы музейине көңүл бурбай жатабыз. Ал жерге чет өлкөлүк жогорку кызматтагы адамдар барышат. Мисалы, бул жылы Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти барды. Айтматовдун үй-бүлөсү өз алдынча аталган музейди оңдой албайт. Каражат бөлүп берсек жакшы болмок. 2018-жылы дээрлик 38 млн сомго Москвага айкелин тургуздук. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен музейди оңдоп-түзөсөк жакшы болмок, — деди ал.

Депутат Чыңгыз Айтматовдун «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деген сөзүн унутпоого чакырды.

Количество просмотров: 41