Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгын утурлай Ош шаарына атактуу кыргыз ишмерлери, өлкөнүн түптөлүүсүнө, өнүгүүсүнө зор салым кошкон инсандардын сүрөттөрү илинген.
Көп өтпөй бул маселе коомчулук тарабынан сынга алынып, нааразы кептердин жаралуусуна себеп болду. Айрым соцтармак колдонуучулары сүрөттөрү илинген бул атактуу инсандарыбыздын катарында Алымбек Датканын сүрөтү жок экенине нааразы болушту.
Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бул тууралуу түшүндүрмө берип, учурда Алымбек Датканын сүрөтү кошулуп илингенин кабарлады.