• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты

16 Кулжа 2022 10:56 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга шек саналып, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты.

Маалыматка караганда, мындай чечим Бишкек шаардык сот тарабынан бүгүн, 16-июнда кабыл алынган. Бейшеналиевдин адвокаттары райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан. Анын кан басымы көтөрүлүп жатканы айтылган.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон. Мындан соң президент Жапаров Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөнүн айткан.

Количество просмотров: 2846