• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алымкадыр Бейшеналиев кызматына кайтып келеби?

17 Баш оона 2022 13:03 Бишкек Govori.TV

Алымкадыр Бейшеналиевдин Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси кызматына кайтуусу боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Эскерте кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон вакцинага байланыштуу кылмыш иши кыскартылганы маалымдалган. Мурда ал ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген болчу.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү маалымат каражаттарына комментарий берип, кайра өз иш ордуна барууга даяр экенин билдирди. Ал буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун чечимин күтүп жатканын кошумчалаган.

Количество просмотров: 485