Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Бешинчи каналга» берген маегинде билдирген.
«Мен арак ичпейм. Өзүмдүн мүнөзүм ушундай. Мен операция болгондон кийин дайыма суусундук ичип турбасам үнүм жоголуп кетет. Мына суу турат, күнүгө 20 таблетка дары ичем. Президент муну жакшы билет. Мен арак ичпейм, бирок бактылуу жашоого мас болуп, күлүп жүрөм. Элестеткиле, ушинтип кийинип алып кантип эле мас абалда конференция өтөйүн?» — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, Бейшеналиев буга чейин дагы арак ичпей турганын айтканы бар.