• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Министр: Суу ичсем арак деп ойлошот

3 Бирдин айы 2022 16:34 Бишкек Govori.TV

Сабырбек Жумабеков мени мас болуп келди деп айтып жатат, ошол жердеги анын студенттери менин мас болуп келгенимди айтышса, мен даро отставкага кетем. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшаналиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал арак ичпейт.

«Эгерде кимдир министрликтен болобу, же менин айланамдагы адамдар болобу, бирөө мени мас абалында келди десе, дароо кызматтан кетем. Ачыгын айтып коеюн мен арак ичпейм. Жолугушуулар болобу, майрамдык иш-чарабы жанымдагылар билет мага суу куюшат. Аны көрүп алп эле баары менен ичет экен деп ойлошот. Мен күнүнө 20 таблетка дары ичем», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борборду кайра түзүүнү “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сүрөттөгөн. Себеби Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган деген.

Ага жооп берген Сабырбек Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мас абалында келип, ар нерсени айтып кетиптир деген.

«Оорукананы кайра түзүп, мени жумуштан «алдым» деген өңүттөгү маалыматтар тарап жатат. Министр кечээ ооруканага эртең менен мен жокто келиптир. Мас абалында болуп ар нерсени айтыптыр», — деп билдирген.

Количество просмотров: 2216