• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алымкадыр Бейшеналиев сотко жеткирилди

4 Кулжа 2022 18:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-июнда коррупцияга шектелип кармалган Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сотко жеткирилди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып жатат.

Эске салсак, 2-июнда Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон. Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Ошол эле күнү Башкы прокуратура COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлук боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин үч жетекчи кызматкери кармалганын билдирген.

Количество просмотров: 942