Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун иши боюнча 25-июлда өкүм чыгарып, аны 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискация кылды. Бул тууралуу жактоочу Асел Аргымбаева билдирди.
Аргымбаеванын айтымында, прокурор Имамидин Ташовду 15 жылга эркинен ажыратып мал-мүлкүн конфискациялоону суранган.
Эске салсак, Ташов бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып, 2023-жылы кармалган.