• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айтургандын өлүмү боюнча жолдошу 3 жылдык пробация жазасын алды

18 Баш оона 202514:55 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Октябрь райондук соту 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу жолдошун (Н.Т.Н.) беш жылга абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды.

Мындай өкүм 2-июлда чыкканы 18-августта белгилүү болду.

Айтурган Маматкулова 2024-жылы 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан. Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин билдиришкен.

Жолдошу былтыр август айынын аягында кармалып, ага Кылмыш-Жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен айып тагылган.

Количество просмотров: 146