• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алымкадыр Бейшеналиевди колдогондор митингге чыкты

25 Баш оона 2022 13:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-августта Бишкек шаарында мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдогондор митингге чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдына чогулгандар президент Садыр Жапаровдон Бейшеналиевди кызматына кайтарууну суранышты.

Алар «Алымкадыр Бейшеналиевдин ордуна келишин каалайбыз», «Бейшеналиевди колдойбуз» деген жазуучулары бар плакаттарды кармап тургандарын көрүүгө болот.

Эске салсак, июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынган. Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1,5 миллиарддан ашык сомго вакцина сатылып алынганынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин Бейшеналиевдин вакцина боюнча кылмыш иши токтотулган.

Количество просмотров: 2147