• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси 11-августка чейин камакта калтырылды

15 Теке 2022 14:01 Бишкек Govori.TV

Кызматтан убактылуу четтетилген Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова 11-августка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Каракол шаардык соту Тилекованын баш коргоо чарасын карап, ЖАМКтын №23 мекемесинде 11-августка чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде 17-майда кармалган. 14-майда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору 100 миң сом пара алууга шектелип кармалганын жарыялаган. Анын жанында министрдин кеңешчиси да болгону айтылган.

Алымкадыр Бейшеналиев бул маалыматты четке кагып, ал күнү медайымдар күнү белгиленгенин, ал эми акча майрамга карата алынганын айткан.

Количество просмотров: 368