• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Министр Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыкты

20 Бугу 2022 10:14 Бишкек Govori.TV

Cаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Тилекова Каракол шаардык соту тарабынан бир айга үй камагына чыгарылган. ал эми Башкы прокуратура мындай чечимдин үстүнөн облустук сотко арызданды.

Эске салсак, 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалганын билдирген.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкектен кармалган. Саламаттык сактоо министринин 29 жаштагы кеңешчиси Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренеси боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.

Бейшеналиев өзү бул маалыматты четке кагып, ал күнү медайымдар күнү белгиленгенин, ал эми акча майрамга карата алынганын айткан.

Количество просмотров: 227