Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон.
«Сөгүш жарыялоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду», — деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Эске сала кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен министрлер кабинетине сунуш киргизген.