• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева MCN Coin боюнча кайрылуу жасады

9 Бирдин айы 202520:28 Бишкек Govori.TV

Белгилүү алып баруучу жана блогер Айзада Жамгырчиева коомчулукка кайрылуу жасап, анын MCN Coin криптовалютасына байланышы тууралуу кептерди четке какты.

Кайрылууда ал бул криптовалютага байланыштуу иш-чарада лотереянын алып баруучусунун ролун гана аткарганын жана бул активди сатып алууну жарнамалап же кеңеш бербегенин айтты.

Анын айтымында, ал криптовалюта схемасын уюштурууга эч кандай тиешеси жок жана MCN Coinди илгерилетүүгө катышкан эмес. Ага карабастан, анын видеосу кийинчерээк бул криптовалютаны сатып алууну колдойм деп жалган жарнамалык материалдарды түзүү үчүн колдонулган.

Айзада ошондой эле анын мындай иш-чараларда алып баруучу болуп иштөөсү уюштуруучулардын катарына кирерин же алардын долбоорлорун колдоорун билдирбестигин эске салды.

Эске салсак, Кыргызстанда MCN Coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам камалганы маалымдалган.

Буга чейин MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбеков кармалганы маалым болгон. Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган. Субанбеков анда “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана кечирим сураган.

Количество просмотров: 1260