• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Алып баруучуларды микрофон менен чапкан Исраилов 5 суткага камалды

26 Бештин айы 20248:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте тойканалардын биринде иш-чаранын алып баруучуларын микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов беш суткага камакка алынды. Мындай чечимди 25-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган.

24-декабрда социалдык тармактарда бир адам микрофон менен алып баруучу Чыңгыз Рыскелдиевди, андан кийин анын жанында турган дагы бир алып баруучу Керемет Сабыржанованы чаап жибергени тартылган видео тарап, талкууга алынды.

Исраиловго каршы ресторандын администратору арыз жазып, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренесине ылайык аны 24-декабрда райондук башкармалыктын убактылуу камерасына жеткирген.

Количество просмотров: 161