Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерге 50 автобус берилет. Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, бүгүн Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюмунун мектеп автобустарынын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өткөрүлөт.
“Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 50 мектеп автобусун өткөрүп берет.
Муну менен алыскы райондордогу балдар мектепке ыңгайлуу шартта жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.