• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Алжып калган». Жапаров Текебаевдин дебатта айтканына жооп кайтарды

25 Жетинин айы 2021 23:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Арыба» сайтына жарыяланган маекте 24-ноябрда КТРКдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу дебатка катышкан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айткандарына жооп кайтарды. Текебаев ал жетектеген партия азыркы бийликке оппозиция экенин маалымдап, президент Садыр Жапаровдун бир нече күн мурун жаңы конуштардын тургундары менен жолугушканда айткан сөзүн сынга алган. Ошондой эле Кумтөр кени боюнча пикирин билдирген.

Мамлекет башчысы Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөнүнө токтолгон.

«Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат. «Алжып калган» дегеним өзү көрүп турган эле жолду «мына ушул жол туура» деп эле көрүп тура берчү адат бар. Ошентип көгөрүп жүрүп акыркы он жылда мамлекетти сазга батырды. Маселени чечүүнүн башка жолдору толтура да. Кумтөр талаш жок 100% мамлекетке өттү. Чекит коюлду. Муну тигилер да моюндашты. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ аткаминерлер камалды. Тигилер тараптан да жоопко тартылчулар бар. Бир аз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз», — деген мамлекет башчы.

Жапаров маегинде Текебаев 2012-жылы Кумтөр кенин Кыргызстанга кайтаруу тууралуу маселе көтөрүлгөндө Атамбаевдин буйругун аткарып каршы чыкканын айткан.

«2012-жылы мен «Кумтөр мамлекетке өтсүн» деген маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеш ызы-чуу түшүп турганда Текебаев фракциясын кабинетине чогултуп алып «атажуртчулар» ушул маселени көтөрүп чыгат, биздин арабызда жокпу көтөрүп чыкчулар деп фракциясын зекийт. Ичи күйөт… Кийин добуш берерде «Ата Мекен» фракциясы тобу менен добуш бербей залдан чыгып кетишкен», — деген президент.

Эске салсак Текебаев дебат учурунда “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияровдун “2012-жылы Садыр Жапаров Кумтөр кенин Кыргызстанга кайтаруу тууралуу маселе көтөргөндө эмне үчүн колдобой койгонсуз?” деген суроосуна жооп берген.

“Садыр Жапаровдун 2012-жылы Жогорку Кеңешке сунуштаган токтомун колдосо Кумтөр мамлекетке өтүп калат экен деген жаңылыш түшүнүк бар. Ал токтомду биз колдогон эмеспиз, анткени “2003-жылкы, 2009-жылкы элге каршы келишимдерге кол койгон чиновниктер жазалансын” деген сунушубуз ага кирбей калган. Биз чыккынчыларды, коррупционерлерди эл билиш керек деп талап кылган элек. Бүгүн баары “Кумтөрдү биз алдык” деп айтып жатышат. Мен ачык айтып коёюн, биз “Центерранын” бир дагы акциясын алганыбыз жок, “Кумтөр Голд Компанинин” бир мыгын алган жокпуз. Алыш үчүн кызыл китеп дегендей эле документ кылып, өзүбүзгө өткөрүшүбүз керек. Биз антип өткөрбөй эле, Кумтөрдү жөн эле басып жатабыз. “Гаишник” машинени алып, айып короосуна токтотуп койгондой эле болуп жатат. “Ээси качан келет экен, канча берет экен” деп күтүп олтурабыз. Эгер мен туура эмес айтсам, президенттин пресс-кызматы эртең “Текебаев туура эмес айтып жатат” деп чыксын. “Ата Мекен” партиясы 2010-жылдан бери Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндө эки мыйзам киргизген. Аны кабыл алсак, кен толугу менен мамлекетке өтмөк. Бирок Садыр Жапаровдун бийлиги келгенден бери да ал мыйзамдар ордунан жылган жок”, — деген ал.

Количество просмотров: 4608