Amanat партиясынын 6-октябрда өткөн кезексиз курултайында партиянын төрагасы, парламент мажилисинин спикери Ерлан Кошанов азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевди президенттикке талапкер кылып көрсөтүүнү сунуштады.
«Бул шайлоо «Адилеттүү Казакстандын» өнүгүү багытын аныктайт. Эл өз талапкерине өлкөнүн тагдырын жана өзүнүн келечегин ишенип тапшырат. Биз үчүн эң татыктуу талапкер – Касым-Жомарт Кемелевич Токаев. Менин бул сунушумду колдоп коюуга чакырам», – деди Кошанов партия мүчөлөрүнө кайрылып.
Курултайдын делегаттары бул сунушту кол чабуулар менен кубаттап, Токаевдин талапкерилигин бир добуштан колдоп беришти.
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.