• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Токаев өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазаны күчөтүүгө чакырды

14 Теке 2023 16:13 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзгөчө оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди.

Токаев мындай кайрылууну Түркстан облусунун Сарыагаш районунун Жибек Жолу айылында беш жашар кыз өлтүрүлгөндөн кийин жасады.

Мамлекет башчысы Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине окуянын чоо-жайын «дыкат иликтөөнү» тапшырды.

13-июль күнү Сарыагаш райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, 2018-жылы туулган кызы жоголуп кеткенин билдирген.

Эртең менен милиция жоголгон кыздын сөөгү айыл тургундарынын биринин үйүнөн табылганын кабарлаган. Түркстан облустук ички иштер башкармалыгы кыздын өлүмү «Киши өлтүрүү» беренеси менен иликтенип жатканын, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалганын билдирген.

«Баштапкы маалыматтарга караганда, шектүү мурда адам өлтүрүү беренеси менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл ден соолукка атайылап оор залал келтиргендиги үчүн үч жылга эркиндиги чектелген», — деп жазылган Акордонун билдирүүсүндө.

Токаев быйыл чыгарылган өкүмдөрдүн мыйзамдуулугун карап чыгууну тапшырды. Ал адамга каршы жасалган өзгөчө оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү маанилүү деп эсептейт.

Количество просмотров: 87