Касым-Жомарт Токаев Казакстан өкмөтүнө казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
Токаев маселени эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиленин духунда жөнгө салуу керектигин айткан.
Белгилей кетсек, казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Абалды жеринен көрүү үчүн Экономика министрлиги менен ЕЭКтин өкүлдөрү барган.