• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Амангелди Муралиев: “Бажы биримдигинен жолубузду таппай жатабыз” (видео)

6 Кулжа 2018 14:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.06.2018.Govori.TV.
Кыргызстан ЕАЭБке кигенден бери пайдасын көрө элек. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев билдирди.
Анын айтымында, экономикалык биримдикке киргенибиз менен экономикалык жактан жеңилдиктер каралмак тургай, абал оорлоп жатат.
“Бажы биримдигине кошулушубуз керек, антпесек болбойт” деп жатып, ага да кирдик. Бирок, жолубузду таба албай жатабыз. Экономикалык биримдикке киргенден кийин өз пайдасын издеш керек болчу. Биз азырынча пайда көрө элекпиз”,- дейт А.Муралиев.
Ошондой эле ал, Сооронбай Жээнбеков Президент болгондон кийин коррупция менен күрөш натыйжалуу башталып, мурда эрки-терки кеткен бажы салымдары казынага түшө баштаганын белгиледи.
Мындан сырткары, экономиканы көтөрүүнүн багыттары катары “Кумтөр”, “Жерүй”, “Кыргызалтын”ж.б. алтын кендерибизди иштетүү, киреше табуу, бюджет жыртыгын бүтөө керектигин санап өттү.
“Кумтөрдүн” кирешеси азайды, “Жерүйдү” сатышты, бул кендер кандай тартипте иштеп жатышат, жыл жарымдап калды, кирешеден кабар жок. “Кыргызалтындын” иши таптакыр угулбай да калды. Ал жер миң кишиге жумуш бере турган ишкана. Өкмөт аларды карап, жөнгө салыш керек. Буюджетти толтуруучу негизги булактар ушулар”, — деп белгиледи Муралиев.

 

Количество просмотров: 36