“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.
Алардын бири 30 жаштагы Шаршекүл Аманова. Кесиби боюнча актриса.
«Жаңы нерсе сага сөзсүз түрдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошол максатта бул тренингге катышууну туура көрдүм. Жаңы жүздөр менен тааныштым, бул тажрыйбаны мен келечекте колдоном»,-деди ал.