• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026
67kg GR — Amantur Ismailov (KGZ)

Амантур Исмаилов Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты

7 Баш оона 202416:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты.

Бүгүн Амантур Исмаилов 67 килограмм салмак ченинде 1/8 финалда беттештерин баштады. Анда ал грузиялык Рамаз Зоидзе менен күч сынашып, 12:1 эсебинде утушка ээ болду.

Эми Амантур Исмаилов чейрек финалда Парвиз Насибов (Украина) – Мате Немеш (Сербия) беттешинде жеңген спортчу менен күрөшөт.

Количество просмотров: 116