• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Америка Украинага берүүчү аскердик жардамын убактылуу токтотту

4 Жалган куран 202510:04 Бишкек Govori.TV

АКШ Украинага аскердик жардамын токтотуп, өнөктөштөрүн тынчтык орнотуу ниетин колдоого чакырды. Маалыматты Ак үйдүн өкүлү тастыктаганын РИА Новости кабарлады.

Бул жарлык дароо күчүнө кирет. Мындай чектөө Украинага жеткирүү процессинде турган же даярдалып жаткан 1 миллиард доллардан ашык суммадагы курал-жарак жана ок-дарыларга тиешелүү.

Буга чейин Fox News телеканалы Ак үйдүн кызматкерине таянуу менен АКШ Украинага аскердик жардамдын бардык түрүн токтоторун билдирген.

Количество просмотров: 167