Кыргызстандык Керим Кушубаков Американын Калифорния штатынан Нью-Йоркко чейин велосипед менен жүрүшкө чыкты. Ал жалпы 5000 чакырымдык веложүрүштө күнүнө 100-200 км. жолду басып өтүүнү көздөп жатат.
Керим баштаган веложүрүштүн максаты – рак жана кант диабети менен ооруган жаш балдардын проблемасына дүйнө элинин көңүлүн буруу жана Кыргызстанда онкологиялык оорукананын курулушуна каражат табуу.
Ал өзүнүн бул сапарын инстаграм баракчасы аркылуу чагылдырып турмакчы.