• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Американын жаңы президенти Кыргызстан үчүн коюлган чектөөнү жоёбу?

9 Жетинин айы 2020 15:54 Бишкек Govori.TV


Американын жаңы шайланган президенти Жо Байден 2021-жылдын 20-январында кызматына киришери менен бир катар мыйзамдарга кол коюуну пландап жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, жаңы лидер климат боюнча Париж макулдашуусуна кайрадан кошулууну каалайт.

Ошондой эле Американын аймагына кирүүдө чектөөлөргө кабылган бир катар мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына кайрадан мүмкүнчүлүк берүүнү көздөп жатат. Бул тизмеде Кыргызстандын жарандары да бар.

Эске салсак, Трамптын администрациясы буга чейин Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизген. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу бул чечим коопсуздук маселелерине байланыштуу кабыл алынганын билдирген.

Количество просмотров: 466