• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Amnesty International: Тажикстанда бийликти сындагандарга репрессия уланууда

31 Жалган куран 2022 15:36 Бишкек Govori.TV

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 29-мартта адам укуктарынын абалына байланыштуу кезектеги баяндамасын жарыялады

Баяндамада Тажикстан бийлиги оппозиция жана бийликти сындагандарга карата репрессиялык мамилесин токтотпогону, саясий себептерден улам узак мөөнөткө түрмөгө кесүү тажырыйбасы уланып жатканы айтылат.

Тажик бийлиги чет өлкөлөрдөгү оппоненттерин да куугунтукка алып, аларды кайтарып алуунун үстүндө активдүү иш алып барган.

Тажикстан Интерпол линиясы аркылуу “Группа 24” тобунун жетекчисинин орун басары Саади Рахматовго издөө жарыялаганына байланыштуу ал Грекия түрмөсүндө эки ай жатып, быйыл 13-январда боштондукка чыккан. Тажикстанда ал “жалданмачыларга көмөк көрсөтүүгө” айыпталууда жана 15 жылдык түрмө жазасы күтүп турат.

Москвадагы Тажик борборунун төрагасы жана көз карандысыз адвокат Иззат Амон күч менен Тажикстанга кайтарылып, алдамчылык айыбы менен он жылга соттолду.

Акыркы он жылдан бери Орусияда жашап, 2021-жылы февралда иш сапар менен Тажикстанга келген “Ислам кайра жаралуу” партиясынын мурдагы мүчөсү Мирзо Хожимухаммада 1-июнда “тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишине катышуу” айыбы менен беш жылга эркинен ажыратылды.

Количество просмотров: 73