Бишкек.28.06.2019.Govori.TV.
Ангела Меркелдин абалы кайрадан начарлады Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуу учурунда Ангела Меркель өзүн кайрадан жаман сезип, тулку боюн калтырак баскан.Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Видео материалдан Германия канцлеринин абалын түшүнгөн залдагылар жакын келип анын ахыбалын сурап жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, буга чейин дагы Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан учурда дагы Меркелдин абалы начарлап, денесин калтырак баскан. Аны канцлер аба ырайынын ысышы себеп болгонун айткан.