• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Анкарада Жапаров менен Эрдоган жолукту

9 Кулжа 2021 18:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаровдун кортежи ардактуу атчандар кароолунун коштоосу менен Анкара шаарындагы президенттин Сарайына келди. Кыргызстандын Президентин Режеп Тайип Эрдоган тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин, Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери тизилип турган Ардактуу кароолду бойлой басышты. Президент Садыр Жапаров жоокерлер менен түрк тилинде: «Merhaba, asker!» деп саламдашты.

Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып, мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүштү.

Количество просмотров: 428