• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Аномалдуу суук эмей эле, аномалдуу кооз. Бишкекте ызгардуу сууктун биринчи күнү кандай болду?

11 Үчтүн айы 2023 14:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 10-11-январдан тарта аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок.

Бишкекте ызгардуу сууктун биринчи күнү кандай өтүп жатат, видео тасмадан көрө алсаңар болот. Жолдор тазаланып жатса да тайгак, бирок коомдук транспорт иштеп жатат, күндүз унаа тыгын аз.

Govori.TVнын окурманы жазгандай, «аномалдуу суук эмей эле, аномалдуу кооз болуп калды айлана-чөйрө».

Өлкө синоптиктеринин божомолунда, 12-январда абанын температурасы дагы төмөндөйт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

ӨКМ алыскы жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпоону эскертет.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу зарыл.

Количество просмотров: 4165