Ырчы Анжелика 22-мартта Инстаграм баракчасына «айымдардын кордолушуна — кандай динде болбосун, айым бир гана өзү күнөөлүү. Таза, тыкан кийинип, оюңарды ачык айтып, өзүнөрдү коргогонду билиңиздер» деп пост жарыялаган.
Ырчы Анжелика билдирүүсүн мусулманчылык салтка ылайык жоолук салууга өткөндөн бери адамдардын ага карата мамилеси өзгөргөнүн айтуу менен баштаган.

Бул билдирүү социалдык тармактарда ар кыл ача пикирлерди жаратты. Айрымдар ырчынын мындай пикирин туура эмес деп сынга алышууда.