• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Анжелика: Марат үйлөнүү тууралуу сунуш киргизе элек

22 Үчтүн айы 2019 23:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV.

Бүгүн интернет булактарында ырчы Анжелика Кайратованын бизнесмен Марат Назарбеков менен түшкөн сүрөттөрү интернетке тарап коомчулукта кызуу талкууну жаратты.

Анжелика да четте карап турбастан талкууларга аралашып, айрым суроолорго жооп берүүгө өттү. 

Ал Barometr.kg сайтынын инстаграм баракчасында жүктөлгөн өзү тууралуу постко:

«Фотошоп эмес. Марат 11 жылдан бери паспортунда бойдок статусунда. Үй-бүлөсүн сактаганга бир нече ирет аракет жасап, үч жылдан бери жалгыз жашайт. Эми кененирээк таанышып баштадым Марат менен. Турмушка чыга элекмин. Болду эми тынчыгыла» -деп пикир калтырды.

Көпчүлүк Анжеликанын дарегине терс мазмундагы пикирлерди жамгырдай жаадырууда. Талкуу кылгандардын көпчүлүгү бул ырчынын жеке жашоосу экенине карабай «эмнеге уялбай сыр сактап жүрөсүң?» дешип таң калгандарын жашыра албай жатышат.

Сүрөттөр тарагандан бир аз убакыттан кийин Анжелика инстаграмдагы жеке баракчасынын сторис бөлүмүнө белгисиз бирөө менен болгон маегинин сүрөттөрүн жүктөдү. Суроодо: «сүрөттөргө жооп бересизби?», «сиздер чогуусуздарбы?» деген суроолорго жооп кылып:

«Дагы кандай жооп керек? Биз эркин адамдарбыз, эч кимге билдирүүгө жооп берүүгө милдеттүү эмеспиз. Ал азырынча сунуш киргизе элек. Күйөөгө чыккан жокмун. Урмат менен жакшы сүйлөшөм, кыздарды чогуу тарбиялап жатабыз» -деп жазганы менен бөлүштү.

Булак: Барометр

Количество просмотров: 48