Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында 19-февралда министрдин орун басары Марат Тагаев өлкө аймагында TikTok социалдык тармагын бөгөттөө чечимин кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирди.
Маданият министринин орун басарынын айтымында, бүгүнкү күндө маалыматтык чөйрөгө мониторинг жүргүзүү жана изилдөө борбору жоюлган. Ошондой эле, Маданият министрлигинде да, жалпы өлкөдө да маалыматтык платформалар жана социалдык тармактар менен иш алып бара турган орган жок.
«Кечээ биздин депутаттар да Кыргызстанда бөгөттөлгөн айрым платформалар жана социалдык тармактар жөнүндө айтышты. Бүгүнкү күндө TikTok социалдык тармагы Кыргызстанда бөгөттөлгөнүнө карабастан, чындыгында биздин жаштар жана жалпы жарандар бул платформаны VPN аркылуу колдонуп жатышат. Биз министрликтин TikTok социалдык тармагын бөгөттөн чыгаруу боюнча сунушун карап чыгууну өтүнөбүз», — деди Тагаев.
Анын айтымында, платформага кирүүнү чектөө жаштар аудиториясына, чыгармачыл индустриялардын өкүлдөрүнө жана TikTokту илгерилетүү жана акча табуу куралы катары колдонгон чакан бизнеске олуттуу таасир этти.
TikTok — кыска видеолорду көрүү жана жаратуу үчүн социалдык тармак. Ал ByteDance компаниясына таандык жана кыска көңүл ачуучу видеолор, тренддер жана челлендждер үчүн платформа болуп саналат.