Алдамчылыкка каршы сактык чаралары жөнүндө Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жарандарды жеке маалыматтар камтылган документтердин скриншотторун интернетке жарыялабоо суранат. Мындай аракеттер купуя маалыматтардын ачыкка чыгышына алып келип, алдамчылык схемаларына өбөлгө түзүшү мүмкүн.
Кыргызстандыктарга сак болууга жана паспорттордун, айдоочулук күбөлүктөрдүн, ИНН, медициналык маалымкаттардын жана башка документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн ачык жарыялабоого сунушталат.
Ведомство ошондой эле Lalafo платформасынан жеке документтердин сүрөттөрү жарыяланган «Табылгалар бюросу» бөлүмү өчүрүлгөнүн маалымдады. Бул жеке маалыматтардын уруксатсыз жайылышын алдын алуу максатында жасалды.
Эгер сиз бирөөнүн жеке маалыматтары бар документин таап алсаңыз:
— аны жакынкы Калкты тейлөө борборуна, Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмүнө, мамлекеттик органдардын табылгалар бюросуна же милиция бөлүмүнө өткөрүп бериңиз;
— документтин сүрөтүн социалдык тармактарга же платформаларга жарыялабаңыз.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана жайылтуу тартибин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик каралган.