• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Анжиянда мурдагы аким баштаган 44 кишинин иши боюнча сот уланды

8 Аяк оона 2022 17:04 Бишкек Govori.TV

7-сентябрда Фергана облустук сотунда акча кымырууга айыпталып жаткан Анжиян шаарынын мурдагы башчысы жана анын шериктеринин соту уланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Айыптоо корутундусуна ылайык, айыпталуучулар 63 миллиард сумдан ашык (5,8 миллион доллар) каражатты кымырып алышкан. Аларга карата «Өзүнө ыйгарып алуу жолу менен акча кымыруу», «Алдамчылык», «Кызматтык шалаакылык», «Кызматтык жасалмачылык», «Пара алуу», «Пара берүү» жана «Кылмыштуу ишмердүүлүктөн түшкөн кирешени адалдоо» беренелери боюнча айыптар тагылган.

Айыпталуучулардын 29у эркек, 15и аялдар. Алардын 34үнө камакка алуу бөгөт чарасы белгиленсе, 10у үй камагына чыгарылган.

Айыпталуучулардын арасында Анжиян облустук акимчилигинин Каржы бөлүмүн жетектеген жана Анжиян шаарынын башчысы болуп иштеген Бахромжон Хайдаров, Анжиян облустук билим берүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Азизбек Миркамилов, Анжиян шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, Анжиян шаардык Каржы бөлүмүнүн башчысы жана башка кызмат адамдары бар.

Бул иш боюнча алгачкы сот отуруму быйыл 18-июлда өткөнү кабарланган.

Сот 12-сентябрга чейин тыныгуу жарыялады.

Количество просмотров: 86