• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Апасын коргоп жатып, адамды жарадар кылган өспүрүм үй камагына чыгарылды

30 Бугу 202223:16 Бишкек Govori.TV

Апасын коргоп жатып, адамды жарадар кылган өспүрүм үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова жазды.

Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган.

Эске салсак, 14-майда милиция кызматкерлери Бишкекте 16 жаштагы өспүрүмдү кармашкан. Ал денеге оор залал келтирген деген айып менен айыпталууда. Тергөөнүн айтымында, мас адам мейманкананын администратору менен уруша баштаган. Оозеки жаңжал учурунда администратордун баласы апасын коргойм деп, бычак алып чыгып, кылмышкерди ашказанынан жарадар кылган.

Кийинчерээк ал киши көп балалуу үй-бүлө жашаган жайга кирип кеткени белгилүү болгон. Окуя болгон учурда үйдө жалгыз бой эне кичинекей балдары менен болгон. «Адам үйгө кирип, мейманкана менен чаташтырышып, буюмдарын издеп жүргөн. Аялдын бетине муштум менен чаап жиберген. 16 жаштагы бала үй-бүлөсүн коргоого аргасыз болду», — деп билдирген укук коргоочу Назгүл Турдубекова.

Количество просмотров: 23