• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Апрель айынан баштап жаңы үлгүдөгү чет элдик паспорт бериле баштайт

21 Бештин айы 2020 10:43 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик каттоо кызматы реформалардын алкагында адамдын инсандыгын тастыктаган жаңы заманбап документтерге өтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов маалымат жыйында билдирди.

«Азыркы учурда, Кыргызстандын жарандарына 2006-жылдан бери, болжол менен 14 жылдан бери, азыркы үлгүдөгү жол паспорттору (эл аралык паспорт) берилген. Учурдагы коркунучтарды жана жол жүрүү документтерин жасалмалоо фактыларынын көбөйүшүн эске алуу менен, жаңы муундагы паспортторго өтүү боюнча бул долбоор заманбап жана коопсуз жол жүрүү документин колдонуп, чет өлкөгө чыгууда кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү жана зарыл кадам болуп саналат. Ошондуктан, COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдүн кесепетинен улам келип чыккан катаал шарттарга карабастан, кызмат эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык биометрикалык маалыматтарды (ePassport) колдонгон кыргыз жарандарынын электрондук жарандык паспортторун киргизүү боюнча иш алып барууда»,-деди Батырканов.

Пайдасы:

Жаңы электрондук паспорттордун башкы артыкчылыгы – 30 ашык заманбап коопсуздук элементтерин колдонуу, паспортто электрондук чиптин, заманбап материалдар жана жеке маалыматтарды киргизүү үчүн лазердик технологиянын колдолонуусу.

Жаңы электрондук чет элдик паспорт ИКАОнун бардык талаптарына жооп берет, технологиялык жактан өркүндөтүлгөн жана коопсуз документ. сапат жагынан да, коопсуздук жагынан да, мамлекеттик кызыкчылыктарга толук жооп берет.

ИКАОнун талаптарына жана стандарттарына ылайык, PKI тутуму жаңы паспортко орнотулган, бул заманбап жол жүрүү документтеринин эң маанилүү атрибуту болуп саналат.

Ошондой эле, электрондук паспорт АКШ тарабынан санкциялардын колдонулушуна алып келген себептерди четтетүү боюнча иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Жаңы муундагы электрондук паспортторду киргизүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

– мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдарды бир жактуу идентификациялоону жана каттоону камсыз кылуу;

– чек арадагы кылмыштуулукту, анын ичинде адамдарды сатууну, мыйзамсыз миграцияны уюштурууну, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнү алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;

– документтерди бурмалоого жана жол жүрүү документи катары мыйзамсыз пайдаланууга каршы натыйжалуу күрөшүү;

– мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында миграциялык көзөмөлдү камсыз кылуу.

– документтерди жасалмалоо процесси менен байланышкан алдамчылык тобокелдиктерин минималдаштыруу;

– Кыргыз Республикасынын дүйнөдөгү беделин жогорулатуу;

– жарандардын чек арадан өтүүдө ыңгайлуулугун жогорулатуу.

– Жаңы паспорттун коопсуздугу жогору турган буйрук болот жана мындай документ чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөтөт.

Дизайн:

EPassport эскиздери жана схемалык дизайны массалык маалымат каражаттарында көп жолу жарыяланган.

Электрондук паспорттун маалымат баракчасынын визуалдык аймагында ИКАОнун талаптарына ылайык талаалар бар. Саякаттоого мүмкүнчүлүк берген паспорттун маалымат баракчасында талап кылынган талаалардын толук тизмеси ДОС 9303 ИКАО, 4-бөлүм, жетинчи басылышы, 2015-жылы баяндалган. Паспорттун чипинде жеке маалыматтар жана ээсинин сүрөтү камтылган.

Жаңы электрондук паспорттун эскиздеринин жана схемалык сүрөттөрүнүн долбоорун иштеп чыгууда аттарынын жазылышы менен кошо дүйнөлүк тажрыйба каралды.

“Аты, атасынын аты” талаасында жазуу:

“Атасынын аты” – Мамлекеттик тил комиссиясы менен макулдашылган;

Given names – ИКАОнун талаптарына жооп берет жана бул эл аралык практика, ага ылайык “Аты” милдеттүү болуп саналат жана ээси-мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн ээсинин толук аты-жөнү көрсөтүлөт, биздин учурда, эгерде атасынын аты бар болсо, анда ал көрсөтүлүшү керек.

Маанилүү:

Жаңы ePassportту алуу үчүн, жарандын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин талап кылынбайт, эгерде жарандын жоготуу, бузулуу, виза баракчаларынын бүтүшү жана башка ушул сыяктуу жагдайлар.

Жаңы биометрикалык паспорттун киргизилиши Кыргызстанга визасыз өлкөлөрдү көбөйтүү үчүн Тышкы иштер министрлигинин линиясы аркылуу өлкөлөргө кайрылууга мүмкүнчүлүк берет.

Биометрикалык паспортко өтүү Кыргызстанга жыл сайын Henley&Partners жарыялаган Паспорт индексиндеги рейтингде көтөрүлүүгө мүмкүндүк берет.

Индекс дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүндөгү виза эрежелерин талдайт.

Белгилей кетсек, жакында, жаңы биометрикалык жарандык паспорттун сигнал үлгүлөрү көрсөтүлгөн. Бул коомдо кызуу талкуу жаоатып, көптөгөн карама-каршылыктарды пайда кылган эле.

Количество просмотров: 84