• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Апрель» телеканалына көгүлтүр экранга чыгууга уруксат берилди

21 Жетинин айы 2019 19:20 Бишкек Govori.TV

«Санариптик технологиялар» «Апрель» телеканалына эфирге чыгууга уруксат берди. Мындай чечим ЖЧК мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кабыл алынды. Мындан сырткары, 7 –каналды да сактап калуу маселеси каралган.

Маалыматка ылайык, чечим жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алынган. Натыйжада, ЖЧК «Санариптик технологиялар» мүчөлөрүнүн көпчүлүгү телерадио каналдардын иштөөсүнө добуш беришкен.

«Бүгүнкү күндө, «Апрель» каналы берүүнү баштоо үчүн даярданып жатат. Божомолдор боюнча ободон кийинки шейшемби, 26-ноябрда чыгышы күтүлүүдө»-,деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, аталган телеканал 9-августта камакка алынып, ишин токтоткон.

Количество просмотров: 68