• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Апрель ыңкылабына 10 жыл: Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев кайрылуу жасады

7 Чын куран 2020 20:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата кайрылуу жасады.

«Апрель ыңкылабы өзүн актаган жок, шейиттер бекер эле жан беришти» деген пикирлер айтылып жатканын белгилеген Сариев мындай ири окуяларга тарых гана баасын берип, өзгөчөлүгүн да, өксүгүн да ачыкка чыгарарын кошумчалады. Албетте, кемчилик болбой койгон жок. Кемчиликтер көп. Бардык үмүттөр эле актала бербейт экен. Өткөн 10 жыл ичинде ишке ашышы керек болгон бир топ ири долбоорлор айрым адамдардын тар кызыкчылыгынан, саясий оюндардан улам аткарылбай калды. Биз бул үчүн ыңкылапты бирге ишке ашырган мекендеш, пикирлеш, замандаштардын алдындагы жоопкерчиликти азыр да сезип турабыз»,-деди Сариев

Ошондой эле Сариев Кыргызстан туура жолго түшкөнүнө ишенерин айтып, «эң негизгиси — ар бир баскан жолубуздан, өткөргөн күнүбүздөн сабак алып, кечээки кемчиликти кайталабаганга аракет кылышыбыз керек деген пикирин билдирди.

Количество просмотров: 216