• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Апрель жана май айларында Кыргызстандыктарды эмне күтөт. Астролог айтып берет (видео)

28 Жалган куран 2018 12:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.03. 2018. Govori.TV

Апрель айында Кыргызстандыктар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөр болот. Себеби, Юпитер менен Плутондун айтуусу боюнча бул айда стратегиялык пландарды, апрелдин жарымынан кийин масштабдуу долбоорлорду ишке ашырса болот. Мисалы 2040-жылга чейин түзүлгөн стратегиялык пландар, “Таза коом”, “Коопсуз шаар” долбоорлорун ишке ашыруу чечимдерин кабыл алса болот. Планеталардын  айтуусу боюнча бул учур  техникалык иштерди чечүүгө да ыңгайлуу. Кыргызстанда экономикалык, өндүрүштүк өнүгүүлөрү 2019-жылы башталат. Бул өнүгүүгө апрель айында кабыл алынган чечимдердин жардамы тийет.

Ал эми май айында Марс менен Урандын ортосунда негативдүү аспекттер байкалат. Бул кандайдыр  бир жаңжалдарга  алып келиши мүмкүн. Май айында чыгармачыл адардарда жаңылыктар башталат. Жер көчкү жүрүп аба ырайы бузулушу мүмкүн. Бул учурда өкмөттө, парламентте өзгөрүүлөр болушу  күтүлөт. Чек арада же коңшу өлкөлөр менен болгон мамиледеги абал  өзгөрөт.

2019-жылдын жай күз мезгилинин башталышында Кыргызстанда шайлоо болушу мүмкүн. Мындан сырткары апрель айында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин карьерасында  жаңы этап башталып, 2019-жылы жай, күз мезгилинде аны саясий чөйрөдөн көрүп калышыбыз мүмкүн дейт астролог жана эл аралык “INASTROS” уюмунун мүчөсү Андрей Рязанцев.

 

Количество просмотров: 24