• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Апрелде депутаттар иштебесе деле айлыктарын алышат

9 Чын куран 2020 16:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары 15-апрелге чейин жалпы жыйындарга чогулбоо чечимин кабыл алышкан. Мындай чечим өлкөдө коронавирустан улам киргизилген өзгөчө абалдан улам чыгарылган. Ал эми депутаттар жер-жерлерге барып иштейбиз деп, тараган болчу.

Айта кетсек депутаттардын айлык-маяналары сакталып турат. Ошол эле учурда өкмөт мүчөлөрү деле айлыкка иштеп жаткан чагы. Бирок, Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжолу менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Себеби, карантинге байланыштуу бул айда көптөгөн иш-чараларыбыз болбой калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

«7 миллион сом каяктан үнөмдөлөт? Аппарат кызматкерлеринин, эксперттердин командировкалары, кагаз калем, имараттын ичиндеги пландалган ремонттор, дагы башка иш чаралар болот, компьютерлер эскирет, принтер бузулат дегендей. Ал деле болжолдуу бюджет дейт. Жазылгандын баарын каржылабайт. Ашканын мамбюджетке кайрып берет», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейн айрым ММКлар Жогорку Кеңештин аппаратынын апрель айындагы чыгымы 2 миллионго өстү деп жазып чыккан.

Количество просмотров: 1401