• Жекшемби 21 Теке 2024
  • Воскресенье 21 Июль 2024

Депутаттар курулуш компанияларына алданган үлүшчүлөр менен жолугушту 

24 Бугу 2024 11:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Эрулан Кокулов 42 курулуш компаниясына алданган үлүшчүлөр менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда алданган үлүшчүлөрдүн талылуу маселелери талкууланып, ал көйгөлөрдү чечүүнүн мындан аркы механизмин иштеп чыгуу каралды.

Жыйында алданган үлүшчүлөр боюнча түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды. Депутаттар менен үлүшчүлөр ар бир турак үйдүн учурдагы абалын кеңири талкуулашты.

«Маселе абдан олуттуу, мамлекеттик органдар бул көйгөйдү дыкат иликтеп жатышат. Биз да маселени көзөмөлгө алдык», — деп белгилешти депутаттар.

Белгилей кетсек, иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Количество просмотров: 106