• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Апсамат Масалиев кандай үйдө туулуп-өскөн?(видео)

10 Кулжа 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

Журналист Канышай Мамыркулова, Кыргызстандагы белгилүү мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиевдин туулуп өскөн үйүндө болуп кайткандыгы тууралуу маалыматты социалдык баракчасына жайгаштырды.

«Кыргыз саясатчыларынын мыкты үлгүсү Апсамат Масалиев атабыздын туулуп-өскөн үйүндө»,-деп билдирүү калтырды.

Кошумчалай кетсек, Апсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган.

А. Масалиев 1949-жылы Үч-Коргон кыштагындагы 8-жылдык мектепти бүткөндөн кийин Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун артыкчылык диплому менен аяктайт.

1953-1956–жылдары Москвадагы Сталин атындагы тоо-кен институнун атайын орто билимдүү адистерди тездетилген программа менен инженердик кесипке даярдачу үч жылдык бөлүмүндө окуйт.

Институтту бүткөндөн кийинки алгачкы беш жылда «Кызыл-кыя көмүр» башкармалыгынын «Комсомольская» кенинде участка начальнигинин жардамчысы-тоо местери, участканын начальниги, «Комсомольская» кенинин орун басар башкы инженери, «Кыргыз көмүр» трестинин башкы инженеринин жардамчысы болуп эмгектенет.

1961-жылы Кыргызстан компартиясынын Ош областык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инспектору болуп которулат.

1962-1964-жылдары Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте окуйт. Андан соң Кыргызстан КП БКсы менен Кыргыз ССР Министрлер советинин Партиялык-мамлекеттик контролдоо комитетинин өнөр жай, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн инспектору, Ош облустук элдик контрол комитетинин төрага орун басары болуп иштейт.

1966-жылы партиянын Ош областык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы, ал эми 1969-1971-жылдары партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, андан соң эки жылдай Кыргызстан КП Бксынын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары.

1972-1974-жылдары Фрунзе шаардык аткомунун төрагасы.

1974-1979-жылдар-Кыргызстан КП БКнын катчысы.

1975-жылдын январь 1985-жылдын июнь айлары партиянын Ысык-Көл областык комитетинин биринчи катчысы.

1985-жылы КПСС БКнын инспектору. 1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы.

1990-жылдын апрель-декабрь айларында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон.

1991-жылдын апрель-август айлары КПСС БКнын идеологиялык бөлүмүнүн кңешчиси.

1993-96-жылдар Тоо кен иштериндеги коопсуздукту техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин мүдүрү.

А. Масалиев 1995 — жылкы президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин негизги атаандашы болгон.

Бул шайлоодо бийлик добуштарды одоно бузуу менен — президенттин ошол кездеги маалымат катчысы К. Баялинов мурда айткандай — Акаевдин 73 процент добуш алып жеңүүсүн камсыздаганы бүгүнгө дейре айтылып жүрөт.

КПСС БКнын мүчөсү (1986-1991), СССР Жогорку Советинин 10-11-чакырылышынан депутаты, СССРдин эл депутаты(1989-1991), СССР Жогорку Советинин мүчөсү, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине беш чакырылышына депутат шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты.2000-2004-жылдары КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын Борбодук аткаруу комиетитинин төарагасы, СКП-КПССтин аткаруу комитетинин кеңеш мүчөсү, СКП-КПСС кеңешинин төрага орун басары болгон.

Количество просмотров: 3159