• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Апта ичинде COVID-19дун 10 жаңы учуру катталды

12 Бештин айы 202213:00 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстанда 5нен 11-декабрга чейинки аралыкта COVID-19дун 10 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен эки бейтап ооруканага жаткырылган, сегизи амбулатордук дарыланууда. Маалыматта Кыргызстандын бардык облусу «жашыл зонада» экендиги айтылат.

2022-жылдын 11 ай жана 11 күн аралыгында коронавирустук инфекциясынын жалпы 21 миң 806 учуру катталган.

Количество просмотров: 91