Өткөн апта ичинде 25 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
9 Бирдин айы 202611:24 Бишкек Govori.TV
2-февралдан 8-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча, 25 миң 638 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 666;
- мас абалында унаа башкаруу — 359;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 166;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар — 674;
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 728;
- авто ээнбаштык — 27;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 588;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 11;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 821;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 598 унаа айып короого токтотулган.
Подписаться:
Количество просмотров: 79