• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Апта ичинде COVID-19дун 22 жаңы учуру аныкталды

20 Бирдин айы 2023 13:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 13-февралдан 19-февралга чейин COVID-19дун 22 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Алардын ичинен 11 бейтап ооруканага жаткырылган.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылы жана 2023-жылдын 51 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 миң 885 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 874 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2 миң 11и (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Количество просмотров: 50