• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Апта ичинде COVID-19дун 895 жаңы учуру катталды

8 Баш оона 202211:41 Бишкек Govori.TV

Бир жума, 1-7-август аралыгында Кыргызстанда COVID-19дун 895 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет.

Анын ичинде:

  • 628 адам саламаттыкты сактоо уюмдарына оорунун белгилери менен кайрылышкан
  • 187 адамда COVID-19 өлкөдөн чыгуу учурунда ПЧР-тест тапшырууда аныкталган,
  • 13 адам – Россия, Казакстан жана Беларустан келген мигранттар

Амбулатордук дарыланууда — 783, ооруканага жаткырылганы – 112.

2022-жылдын 7 ай 7 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 19 923 учуру катталса, анын ичинен 17 929 (89,9%) учуру лабораториялык түрдө жана 1994ү (10,1%) клиникалык-эпидемиологиялык аныкталгандар.

Количество просмотров: 143