• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Апта ичинде коронавирустун 29 учуру катталды

22 Жалган куран 202312:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 13-марттан 19-мартка чейинки аралыкта коронавирустун 29 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, ооруган жарандардын 11и ооруканага жаткырылган.

«Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.», — деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылы жана 2023-жылдын 81 күнүндө жалпысынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын 22 миң 21 учуру катталды, анын ичинен 20 миң 10 (90,8%) учур лабораториялык жол менен тастыкталса, 2 миң 11и (9,2%) клиникалык-эпидемиологиялык жол менен тастыкталган.

Количество просмотров: 99